Токмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев абактан чыгарылып, иши кайра кароого жөнөтүлдү

11.03.2026 | 11:15

Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев абактан чыгарылганы айтылууда. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматында, кечээ 10-мартта Бишкек шаардык соту Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Шаардык сот ошондой эле буга чейин соттолгон Токмок мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Т.у.А., техникалык көзөмөл боюнча мурдагы адис А.А.Э. жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысы К.Т.Э.тин ишин райондук сотко кайра жөнөткөн.

Эске салсак, 2025-жылдын 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Токмокко барып, Чүй облусунун жетекчилери менен жыйын өткөргөн. Анын жыйынтыгында Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. ГКНБ билдиргендей, бул иш шаардагы паркты көрктөндүрүү жана спорт мектебин оңдоо иштерине байланыштуу болгон. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган тендерлерди «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсы утуп алган.

Андан кийин 2025-жылдын ноябрында Бишкектин Октябрь райондук соту жогорудагы жарандарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекетке зыян келтирүү боюнча күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги абакка кесүү чечимин чыгарган. Андагы чечимге ылайык, мурдагы мэр Максат Нусувалиев 13 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке өткөрүлгөн. Ал эми жогоруда аталган мэриянын кызматкерлери жана подрядчы компаниянын 11 жана 12 жылдан эркинен ажыратылышкан.

Scroll to Top