Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда дээрлик 1 млрд куб метрге көп суу бар

Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда дээрлик 1 млрд куб метрге көп суу бар

Бүгүн, 11-мартка карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд 386 млн куб метр суу калды. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында айтылат.

Суу сактагычка секундасына 203 куб метр суу агып кирип, 316 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр ушул эле күнү суу сактагычта 7 млрд 387 млн куб метр суу болгон. 164 куб метр агып кирип, 536 куб метр агып чыгып турган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>