Токтогул районунун Үч-Терек айылында Бишкек-Ош жолунун жээгине туруп алып баңгизат сатып жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Кармалган жаран Токтогул районунун 37 жаштагы тургуну болгон. Анын жанынан 10 даана скотчко оролгон 4 кг 633 граммды түзгөн баңгизат табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү баңгизаттарды 55 жаштагы айылдашынан алгандыгын билдиргендиктен, анын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, далил буюмдар алынган.
Аталган факты Жазык кодексинин 267-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Кылмышка шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.