Токтогул районунда сууга чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу “Репортёрго” окурман билдирди.
29 жаштагы И.у.А. аттуу жарандын жансыз денеси бүгүн, 10-мартта саат 11:30дар чамасында табылган.
“Анын артында 1 уулу калды. Токтогул районуну Чолпон-Ата айылынын тургуну болчу”, — деди окурман.
Белгилей кетсек, 8-мартта саат 23:00 чамасында Токтогул районунун Терек-Суу айылында 30 жаштагы эркек киши Узун-Акмат суусуна түшүп кеткени кабарланган.