Тоң районунда эки суу сактагыч курулууда

Тоң районунда эки суу сактагыч курулууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда сугат суунун тартыштыгын чечүү максатында эки суу сактагыч курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган райондун Күн-Чыгыш жана Төрт-Күл айыл аймактарынын аймагында “Үч-Коргон” суу сактагычтын курулушу кызуу жүрүп жатат.

Суу сактагычтын болжолдуу аянты 70 гектарды түзөт жана 4,3 млн м³ көлөмдөгү суу сактоого жөндөмдүү болот.  Суу сактагыч жалпы 4 миң 113 гектар сугат жерди суу менен камсыздайт. Бүгүнкү күнгө карата жалпы курулуштун 85%ы аткарылды.

Ошондой эле Тоңдун Ак-Сай өзөнүнүн “Чокмор-Ата” участкасында жаңы күнүмдүк жөнгө салуу бассейни курулууда.

Бул суу сактагыч жалпы 1 миң 854 гектар жерди суу менен камсыздоого багытталган. Суу сактагычтын долбоордук сыйымдуулугу 1,4 млн м³ түзөт. Суу топтоочу дамба курулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>