Кыргызстан жыл башында тоңдурулган балыктын экспортун 1,8 эсеге көбөйттү. Бул туурасында маалымат Улуттук статистикалык комитеттин тышкы соода статистикасында камтылган.
Жалпысынан 2022-жылдын январь-февраль айларында 2 миллион долларга 466 тонна продукция экспорттолсо, былтыр ушул эле мезгилде экспорт 1 миллион долларга 257 тонна деңгээлинде болгон.
73 пайызы Орусия менен Казакстанга сатылган.