Караколдо Тоо лыжа спорту боюнча республиканын чемпиондору аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-6-март күндөрү “Каракол” лыжа базасында тоо лыжа спортунун слалом жана гигант-слалом түрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өттү.
Турнирге Ысык-Көл, Нарын Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 50дөн ашуун спортчу катышкан.
Чемпиондук Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция жана Тоо лыжа спорту федерациясы тарабынан уюштурулган.