Тоо лыжа спорту боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өттү

Тоо лыжа спорту боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өттү

Караколдо Тоо лыжа спорту боюнча республиканын чемпиондору аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-6-март күндөрү “Каракол” лыжа базасында тоо лыжа спортунун слалом жана гигант-слалом түрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өттү.

Турнирге Ысык-Көл, Нарын Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 50дөн ашуун спортчу катышкан.

Чемпиондук Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция жана Тоо лыжа спорту федерациясы тарабынан уюштурулган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>