Тоо жүрөк, бирок ыкмасы жок кыргыз мушкери 17 секундда нокаутка кулады  — видео

Тоо жүрөк, бирок ыкмасы жок кыргыз мушкери 17 секундда нокаутка кулады  — видео

Орусиянын Самара шаарында 26-декабрь күнү өткөн эрежесиз эр уруш боюнча MMA Championship 1 турниринде кыргызстандык мушкер 17 секундда нокаутка учурады. 

Аталган турнирде 25 жаштагы кыргызстандык  Султанбек Парпибаев, тажикстандык Фируз Ходибаев менен беттешкен.

Тажик мушкери буга чейин төрт мелдеш өткөрүп, баарында жеңүүчү болгон, ал эми кыргыз мушкери октагонго алгачкы жолу чыккан. 

Алгачкы секунддан эле качырып кирген Султанбек Парпибаев каршылашына орчундуу зыян келтире албай, 10 секунд өтпөй башына сокку жеп кулаган. 

Бул беттеш тууралуу айрым интернет колдонуучулары “кыргыз мушкеринин алгачкы беттеши экен, спортто мындай болуп турат” дешсе, айрымдар Парпибаевди “октагонго чыкпай эле койбоптур” деп шакабага айлантышууда. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>