Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пункту жабылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен бүгүн, 10-декабрда «Торугарт» өткөрүү пункту убактылуу жабылган. Өткөрүү пункту эртең 11-декабрда саат 9:00дөн тарта кайра кадимкидей иштеп баштайт.