Трамп Ирандын мунай ресурстарына АКШнын көзөмөлүн орнотуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондун Венесуэладагы аракеттерине окшоштуруп, Ирандын мунай ресурстарына көзөмөл орнотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирди. Бул тууралуу ал «Financial Times» гезитине берген маегинде айтты.
Трамптын айтымында, мындай чара АКШнын ичиндеги сын-пикирлерге карабастан, экономикалык кысым көрсөтүүнүн варианттарынын бири катары каралууда. Ал мындай каршылыктарды негизсиз деп эсептей турганын белгиледи.
Америкалык лидер ошондой эле иран мунайын экспорттоонун негизги борбору болуп саналган Харк аралына көзөмөл орнотуу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарбайт.
Бул окуялардын фонунда Иран, АКШ жана Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушу (эскалациясы) уланууда. Тараптар акыркы бир айдан бери бири-бирине сокку урууну улантышууда. Бул болсо Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги каттамдардын бири болгон Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарынын олуттуу үзгүлтүккө учурашына алып келди.