Трамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтарды
АКШ президенти Дональд Трамп кечээ жакында АКШ Ормуз кысыгына кирүүгө жана андан чыгууга аракет кылган бардык кемелерди бөгөттөөнү баштай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар кабарлоодо.
Алардын маалыматына караганда, ал ошондой эле АКШнын Аскер-деңиз флотуна кысыктан өткөндүгү үчүн Иранга акча төлөгөн бардык кемелердин изине түшүүнү жана аларды кармоону тапшырды.
«Ушул учурдан баштап АКШ флоту Ормуз кысыгына кирүүгө же андан чыгууга аракет кылган бардык жана ар бир кемени бөгөттөө жараянын баштайт», — деп жазды Трамп социалдык тармактагы баракчасында.
Иран ЖМКлары билдиргендей, Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) аскердик кемелердин Ормузга жакындашына олуттуу жооп кайтарыларын эскертти.
«Кандай гана болбосун аскер кемесинин Ормуз кысыгына жакындашы катуу жоопко алып келет», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин ишемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп 8-апрелге караган түнү Тегеран менен эки жумага ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдиргенден кийин, Исламабадда Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өткөн.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, АКШ менен Иран бир пикирге (макулдашууга) келе алган жок.
Өз кезегинде Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Исламабаддагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Тегеран менен Вашингтон бир нече негизги темалар боюнча бир пикирге келбегенин тактады.
Жергиликтүү Mehr агенттиги анын сөзүн келтирип: «Биз бир катар маселелер боюнча түшүнүшүүгө жетиштик, бирок эки-үч маанилүү маселеде көз караштарыбыз бири-биринен өтө алыс болду, ошентип акыр аягында сүйлөшүүлөр макулдашууга алып келген жок», — деп жазды.
Дипломаттын айтымында, сүйлөшүү ишенбөөчүлүк маанайында өткөн жана бул ирет макулдашуу болот деп эч ким күткөн эмес. Буга карабастан, ал Пакистан жана аймактагы башка дос өлкөлөр менен байланыштар улана берерине ишенимин билдирди.