Таабалды Тиллаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 19-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Бүгүн, 20-январда министрдин орун басарын жалпы жамаатка Министрлер кабинетинин орун басары Азиз Алиев тааныштырган.
Таабалды Тиллаев 1976-жылы 7-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында туулган.
Билими:
- 2005 — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1995 — Бишкек шаарындагы «Датка» жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер;
- 1999-2000 — «Торговый дом качества» жабык типтеги акционердик коомдо директордун орун басары;
- 2001-2003 — Бишкек шаардык финансалык башкармалыктын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;
- 2003-2007 — Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис.
- 2012-2013 — «КыргызНефтьПром» жоопкерчилиги чектелген коомунда аткаруучу директор;
- 2013-2014 — «ГлавНефтеГаз» жабык акционердик коомунун башкы директору;
- 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.