ЦУМдун жанындагы фонтандар жаңы долбоордун алкагында сакталып, толук жаңыланат
Борбор калаанын борборунда, ЦУМдун жанындагы фонтан турган жерде жаңыланып жаткан Бишкектин символу боло турган көп функциялуу объектинин курулушу жүрүүдө.

Шаар тургундарынын суроолоруна жооп
Долбоордун демилгечилери аталган фонтандын келечеги коомчулукта кызуу талкууланып жаткандыктан, бул боюнча толук маалымат берүү чечимин кабыл алышкан.
«Биз шаар тургундарынын тынчсыздануусун көрүп турабыз. Ошондуктан төмөнкүлөрдү түшүндүрүү маанилүү деп эсептейбиз: долбоордун бир бөлүгү фонтан комплексин жаңылоо болуп саналат. Фонтандар жөн гана сакталбастан, мурдагыдан да көрктүү болуп жаңыртылат. Долбоор шаардын, анын жашоочуларынын жана конокторунун кызыкчылыгына багытталган», — деп билдиришти долбоордун өкүлдөрү.
Проект шаар куруу кеңешинде талкууланып, оң корутунду алган. Долбоордун өкүлдөрү белгилегендей, фонтан өз ордунда калат, ал толугу менен сакталып, жаңы шаардык аянтты толуктап турган заманбап архитектуралык элементке айланат.
Ошондой эле бул фонтан 1996-жылдан бери тиешелүү токтомдун негизинде жеке менчиктин карамагында экенин белгилей кетүү керек. Соцтармактарда бул объект мамлекеттин менчигинде деген жаңылыш пикирлер айтылып келет, бирок бул чындыкка дал келбейт.
Фонтандар ордунда калат жана жаңыланат
Долбоордун авторлору учурда турган фонтандар системасы инженердик инфраструктуранын бир бөлүгү экенин жана имараттарды муздатуучу элементтин милдетин аткарарын белгилешти. Ушуга байланыштуу фонтандарды толугу менен алып салуу маселеси эч качан каралган эмес. Мурунку фонтан комплекси ондогон жылдар мурда курулуп, узак убакыт бою олуттуу техникалык бузулуулар менен иштеп келген. Инженердик системалар эскирип, жабдуулар колдонууга жараксыз абалга келип, заманбап санитардык, экологиялык жана визуалдык талаптарга жооп бербей калган.
Аталган жердин архитектурасы да Бишкектин климаттык өзгөчөлүктөрүн эске албайт, ал эми жашыл аянттар бир бөлүгү коопсуздукка байланыштуу шаардык кызматтар менен макулдашуу аркылуу мурда алынып салынган.
Долбоордун алкагында фонтандар демонтаждалбайт, тескерисинче комплекстүү жаңылануудан өтөт: инженердик системалар жаңыланат, заманбап технологиялар киргизилет, кооз жарыктандыруу орнотулат жана заманбап шаарлардын деңгээлине ылайык жаңы, ыңгайлуу архитектуралык чөйрө түзүлөт. Жаңы долбоордун алкагында фонтан комплексинин үстүнөн абанын табигый айлануусун жана көлөкөлүү зоналарды камсыз кылган жабык мейкиндик түзүлөт. Бул шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна эң ысык күндөрдө да фонтандардын жанында ыңгайлуу эс алууга мүмкүнчүлүк берет.
Маданият, көңүл ачуу жана ишкердик – баары бир жерде
Фонтандардын жанына көп функциялуу заманбап комплекс курулат. Ал төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
- Үй-бүлө менен эс алуу үчүн көңүл ачуучу зоналар
- Иш-чаралар, көргөзмөлөр жана ар кандай иш-чаралар үчүн маданий аянчалар
- Эл аралык деңгээлдеги бренддерди тарта турган бизнес аянтчалары
«Биз борбор калаага кызматтын жана шаардык эс алуунун жаңы стандарттарын алып келе ала турган чет элдик бренддер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деп белгилешти долбоордун жетекчилиги.
Эл аралык кызматташтык жана эксперттердин катышуусу
Долбоорду түзүүчүлөрү чет өлкөлөрдө ири инфраструктуралык объектилерди курууда тажрыйбага ээ болгон «Централ Эйжан Трейд Компани» ишканасы ишке ашырат. Долбоор Old Bishkek командасы менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.
Биргеликте визуалдаштыруу
Долбоордун архитектуралык концепциясы жана визуалдаштыруу иштеринин үстүндө Казакстандан, Кыргызстандан жана Орусиядан келген кесипкөй командалар иштешти. Сунуштарды кароонун жыйынтыгында кыргызстандык адистер иштеп чыккан вариантты тандоо чечими кабыл алынды. Муну менен долбоордун жетекчилиги улуттук командаларды, жергиликтүү архитекторлорду жана дизайнерлерди колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Алардын шаарды билүүсү жана түшүнүүсү бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылуусунда мааниге ээ болот.
Шаардыктарды өзүнө тарта турган жаңы аянча
Долбоордун өкүлдөрү жаңы комплекс борбордо эс алуу, маданий убакыт өткөрүү жана көңүл ачуу үчүн идеалдуу жайга айланарын белгилешет. Шаардыктардын сүймөнчүгүнө айланган, күлүк аттардын жана бүркүттүн айкелдери бар фонтан комплекси сакталат, жаңыланып, шаар чөйрөсүнүн мындан да көрктүү жана ыңгайлуу бөлүгүнө айландырылат. Ал музыкалык коштоо жана заманбап 3D-визуалдык эффекттер менен жабдылып, жаңы эмоционалдык таасир жаратып, бул мейкиндиктин өзгөчө стилин баса көрсөтөт.
Долбоор Бишкектин тургундары жана коноктору үчүн маданий, социалдык жана көңүл ачуу функцияларын бириктирген жаңы аянча болот. Комплекстин аймагында акысыз Wi-Fi жана шаардыктардын, туристтердин ыңгайлуулугу үчүн кошумча кызматтар жеткиликтүү болот. Келечекте жаңы комплекс заманбап жана ыкчам өнүгүп жаткан Бишкектин жаркын символуна айланып, борбор калаанын жаңы амбицияларын жана алдыга умтулуусун чагылдырат.






