Tunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди

Tunduk мобилдик тиркемесинде поликлиникага онлайн тиркелүү кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эми поликлиникага (үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна) барып, кезек күтпөстөн, толугу менен онлайн тиркелүүгө болот.
Tunduk аркылуу кантип тиркелүүгө болот?
- Tunduk мобилдик тиркемесин ачып, «Менин ден соолугум» бөлүмүнө өтүңүз.
- Кызматтардын тизмегинен «Поликлиникага онлайн тиркелүү» кызматын тандаңыз.
- «Өтүнмөнү жиберүү» баскычын басыңыз.
- Кимди тиркей турганыңызды тандаңыз: «Өзүн тиркөө» же «Баласын тиркөө».
- Байланыш телефонуңузду жана иш жүзүндөгү жашаган дарегиңизди киргизиңиз.
- Тизмеден же картадан тиешелүү Саламаттыкты сактоо уюмун (Үй-бүлөлүк Медицина Борбору/Жалпы дарыгердик практика борбору, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) тандаңыз.
- Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугуңузду тастыктап, өтүнмөнү жөнөтүңүз.
Маанилүү маалымат: Поликлиника өтүнмөңүздү 3 жумушчу күндүн ичинде карап чыгууга милдеттүү. Эгерде тиркелген жарандардын чегинен ашып кетсе гана, тиркелүүдөн баш тартууга жол берилет.
Өтүнмө каралгандан кийин, анын кабыл алынгандыгы же четке кагылгандыгы жөнүндө Tunduk тиркемесине билдирүү келет.
Жаңы кызматтардын максаты – жарандардын медициналык мекемелер менен байланышуусун жеңилдетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу.