Чүй облусунда түндүк айланма жолу менен Бишкек–Кант жолун байланыштырган 8 чакырымдык унаа жолунун асфальттоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун үстүнө 7 см калыңдыктагы асфальт катмары салынган. Ошондой эле жол сызыктары чийилип, унаалар үчүн толук ачылды.
Аталган жол борбор калаанын кире беришинде жайгашып, Лебединовка–ГЭС-5 жолуна параллелдүү өтөт. Жол жайкы туристтик сезондо Ысык-Көл тарапка бара турган жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу альтернативдүү маршрут катары кызмат кылат.
Жол «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан курулган.