“Түндүк электрдин” кызматкери сууга аккан баланы куткарып калды (видео)

“Түндүк электрдин” кызматкери сууга аккан баланы куткарып калды (видео)

“Түндүк электр” ишканасынын кызматкери Аскар Туленов каналдагы сууга агып бараткан баланы куткарып калды.

Аталган ишкананын маалыматына караганда,  окуя 25-июль күнү саат 18:00дөр чамасында Жайыл районунун Сосновка айылында болгон.

“Электр куроочу Аскар Туленов иш күнүнөн кийин жолдоштору менен каналдан алыс эмес жерде болушкан. Ошол маалда алар жашы жете элек баланын сууга түшүп кеткенине күбө болушкан. Суунун агымы катуу болгондуктан суу баланы бат эле алып кеткен. Аскар ошол замат сууга кирип, өспүрүмдү суудан алып чыккан”, — деп айтылат маалыматта.

21 жаштагы Аскар Туленов эки жылдан бери Жайыл РЭТинде электркуроочу болуп эмгектенип келет, сууда сүзүү боюнча спорт чебери. Атасы Кара-Балта шаарындагы бассейнде сууда сүзүү боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>