Түндүк-түштүк жолунун курулушу жанданат

Түндүк-түштүк жолунун курулушу жанданат

12-июндан баштап түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу жандана баштады. Кытайдан 139 курулушчу келип, эпидемиологиялык кырдаалга   байланыштуу атайын обсервацияга алынды. Обсервациядан кийин кытайлыктар асфальт төшөө, тоннель жана эстакадалык көпүрө курууну улантышат.

2020-жылы 2 фаза боюнча 22 чакырым асфальт төшөп, 500 метрдик тоннелди казуу иши жүрөт.

Түндүк-түштүк альтернативалык жолу 2014-жылы башталган. Учурда негизги куруучу кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы болуп эсептелет. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт жана курулуш иши 2023-жылы аяктайт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>