Түрк мамлекеттеринин соттору тажрыйба алмашып, кызматташтыкты бекемдейт

Түрк мамлекеттеринин соттору тажрыйба алмашып, кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун конференциясынын Статутуна кол койду. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара кечээ, 7-майда Түркияда болуп өткөн. Конференция Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын жогорку сот органдарын бириктирген. Статуттун долбоорун Түркиянын Кассациялык соту демилгелеген.

Иш-чарага барган Кыргыз делегациясынын курамына Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова, Бишкек шаардык сотунун судьясы Эльмира Барыктабасова, Чүй облустук сотунун судьясы Галина Шин жана Жогорку соттун төрагасынын жардамчысы Жыргалбек Жаныбеков кирген.

Конференция кеңеш берүүчү орган катары түзүлүп, адилеттүүлүк чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана мыкты соттук практикаларды алмашууну өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле, соттук процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду, илимий изилдөөлөрдү жана иш-чараларды өткөрүү каралган, алардын ичинде заманбап санариптик чечимдерди жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу да бар.

«Статутка кол коюу — түрк тилдүү мамлекеттердин сот органдарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо, тажрыйба алмашуу, координацияны жана соттук диалогду өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болду. Документ өз ара аракеттенүүнүн принциптерин, Конференциянын түзүмүн, иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин жана биргелешкен ишмердүүлүктүн негизги багыттарын аныктады», -деп айтылат маалыматта.

Жогорку сот кийинки эл аралык жыйын 2026-жылы Казакстанда өткөрүлө тургандыгын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>