Түркиянын жаранын уурдоого шектелген дагы бир адам кармалды

Түркиянын жаранын уурдоого шектелген дагы бир адам кармалды

Түркиялык ишкерди уурдоого шектелген Кыргызстандын дагы бир жараны, 1998-жылы туулган Ниязалы Махаматкарим уулу кармалды. Ал адам уурдоонун уюштуруучуларынын бири. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучу Кыргызстандын жараны 1971-жылы туулган Болот Матраимов дагы деле укук коргоо органдарынан жашырынып жүрөт.

Мындан тышкары, иликтөөнүн жүрүшүндө 1976-жылы туулган түрк тектүү кыргыз жараны Өзген Эртугрул Каанды уурдоого катыштыгы бар экени аныкталган. Ал дагы укук коргоо органдары тарабынан издөөдө.

«УКМК издөөдө жүргөндөр тууралуу маалыматы барларды 031260585, 0312660475, 0312626504 жана 102 номурларына билдирүүнү өтүнөт», — деп жазат басма сөз кызматы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>