Убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөндөр тиешелүү документи жок деп эсептелинет

Убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөндөр тиешелүү документи жок деп эсептелинет

Учурда Кыргызстан боюнча 16 миң адам жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырбай, убактылуу эски документи менен жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

2019-жылдын 10-июлунан баштап берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү ушул жылдын 15-февралында аяктаган.

“16-февралдан тартып убактылуу айдоочулук күбөлүктөр жараксыз болуп калды. Эгер айдоочулар убактылуу айдоочулук күбөлүгү менен кармалса анда айдоочунун тиешелүү документи жок деп эсептелинет. Бирок документти алмаштыруу иши улантылып жатат”, — деп айтылды маалыматта.

Күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынып жатат. Арыздар Бишкек шаарында Ч. Валиханов көчөсү 2 дарегинде (“Аю Гранд” гипермаркети району) кабыл алынууда.

Ал эми даярдалып бүткөн күбөлүктөр М.Ауэзов 1/5 (Два прораба гипермаркети) дарегиндеги ММК №4 элди тейлөө борборунда таратылып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>