Үч унаасын алып, качып кеткен. Чүйдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Чүй облусунда 37 жаштагы жаран ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициясы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда 2024-жылы М. аттуу жаран анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен кымбат баалуу автоунааларын жана 20 миң доллар акча каражатын ээлеп алганын билдирген.
Унаалар: 2018-жылы чыгарылган Toyota Hilux (баасы 23 миң доллар), 2003-жылы чыгарылган Honda Stream, (7 миң доллар), 2018-жылы чыгарылган Hyundai Sonata (15 миң доллар) болгон. Ошондой эле арызда ал адам карызын курулуш бетону менен төлөп берем деп убадалап, бирок ушул күнгө чейин качып жүргөнү айтылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Август айында шектүүгө издөө жарыяланган. Издөөнүн жыйынтыгында шектүү катары 37 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда шектүү тарабынан жасалышы мүмкүн башка кылмыштарды аныктоо жана тергөө иштери жүрүүдө.