Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 15 миң доллар пара берип жаткан чет өлкөнүн жаранын кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Такталгандай, 19-декабрь күнү «Д.Ч.» аттуу чет элдик компаниянын өкүлү, жер казыналары тармагында көзөмөлдөөчү милдеттерди аткарган кызмат адамына ири көлөмдө пара берип жатканда колго түшкөн.