УКМК: Абылгазиевдин ишин аскер прокуратурасы иликтеп жатат

УКМК: Абылгазиевдин ишин аскер прокуратурасы иликтеп жатат

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин карап жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев Мухаммедкалый Абылгазиевдин кылмыш иши эмне болуп жатканына кызыкты. 

“Менин суроом УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевге, айтсаңыз Абылгазиев тергөөгө келдиби”, — деп сурады депутат.

Ага Опумбаев бул иш аскер прокуратасынын көзөмөлүндө экенин, андыктан негизги маалыматтар да аларда деген жообун берди.

“Урматтуу депутат, бул кылмыш иши аскер прокуратурасынын көзөмөлүндө. Бул боюнча аскер прокуратурасы иш алып барып жатат. Биздин кызматкерлер тергөө тобунун курамына кирген”, —  деди Опумбаев.    

Белгилейт кетсек, кечээ, 15-июнь күнү кечинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Ал дал ушул радиожыштыктар чуусунан, ага байланыштуу тергөө иштеринен улам белгисиздик абал өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирерин билдирген эле. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>