Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармак аркылуу аймактар аралык касташууну козуткан адамдын кармалгандыгын кабарлаган.
Кийин кармалган адам Фейсбуктагы БеспределKG баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков экендиги белгилүү болгон.
Аймактар аралык касташууну козутууга шектелген Жоробеков кайсы билдирүүлөрү үчүн кармалганын УКМК түштөн кийин ачыктады.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекованын айтымына караганда, Жоробеков 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган.