Социалдык тармак аркылуу улуттар аралык жаңжалды козутууга багытталган жана чагымчылыдык материалдарды жайылткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындай эскертүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети таратты.
“Өлкөдөгү коомдук-саясий абалга таасир этүү максатында провокациялык маалыматтар таратылып жатат. Буга байланыштуу чыгымчыл маалымат тараткандарды табуу үчүн ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Улуттар аралык кастыкты козуткан жана чагымчылдык мүнөздөгү маалыматтарды жайылткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат», — деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.