УКМК «Хизб ут-Тахрирдин» 8 мүчөсүн кармады – видео

УКМК «Хизб ут-Тахрирдин» 8 мүчөсүн кармады – видео

«Фейсбукта» тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын тараткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Фейсбукта» тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталган.

Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги такталган.

Кечээ, 7-сентябрда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун Ноокат районундагы 6 мүчөсүнүн, Кара-Суу районундагы 1 мүчөсүнүн жана Кызыл-Кыя шаарындагы  1 мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө флеш карталар, СD-дисктер, диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>