УКМК коррупционерлерден 575 млн сом өндүрдү

УКМК коррупционерлерден 575 млн сом өндүрдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкө бюджетине келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иштердин алкагында  575 млн сом которду.

 УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган акчалар коррупцияга байланыштуу кылмыш иштерди иликтөөнүн алкагында өндүрүлгөн. Бирок мекеме бул акчалар кайсы кылмыш иштерден өндүрүлгөнүн ачыктаган жок.

Атайын кызмат мындан ары мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иштердин отчету боюнча маалымат берип турууну убадалады.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>