УКМК кылмыш иштерин комиссиялар аркылуу кайра кароо мүмкүн эмес экенин түшүндүрдү
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети акыркы беш жылдагы кылмыш иштерин текшерүү үчүн ведомстволор аралык түзүмдү түзүү тууралуу коомдук демилгелерге расмий жооп кайтарды. Ведомстводо мындай механизм Конституцияга жана колдонуудагы мыйзамдарга каршы келерин, анткени укуктук тутум бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын так бөлүштүрөрүн баса белгилешти.
Расмий билдирүүгө ылайык, тергөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү прокуратуранын өзгөчө компетенциясына, ал эми өкүмдөрдү чыгаруу жана кайра кароо — сот органдарынын ыйгарым укуктарына кирет. УКМКда сырттан түзүлгөн комиссиялардын процессуалдык ишмердүүлүккө кийлигишүүсүнө жол берилбестигин, анткени Жазык-процессуалдык кодекси сот чечимдерин мыйзамда белгиленген тартипте жогору турган инстанциялар тарабынан гана текшерилишин карай турганын белгилешти.
Түшүндүрмө берүүгө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиевдин сунушу себеп болду, ал тууралуу мурда Reporter.kg жазган. Саясатчы атайын кызматтын жетекчилигиндеги акыркы кадрдык алмашуулардын жана кармоолордун фонунда 2020–2026-жылдар аралыгындагы чуулгандуу процесстерди кайра карап чыгуу демилгесин көтөргөн. Масалиев көз карандысыз комиссиянын иши резонанстуу иштердин жаңы жагдайларын ачып бере алмак деп эсептеген.
Соңунда комитеттен учурда ведомство президент демилгелеген масштабдуу реформадан өтүп жатканын кошумчалашты. Өзгөртүүлөр коопсуздук органдарын заманбап чакырыктарга ыңгайлаштырууга, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган, ошол эле учурда бардык ишмердүүлүк укуктук ченемдерге так ылайык жүргүзүлүүдө.