УКМК Марат Казакпаевдин ден-соолугу боюнча үн катты

УКМК Марат Казакпаевдин ден-соолугу боюнча үн катты

Марат  Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинен тартып УКМКнын тергөө камак жайында (ТКЖ) Кылмыш-жаза кодексинин 307-берененин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча камакта жатат. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. Буга чейин Марат Казакпаевдин ден-соолугу начарлап комага түшүп калганы кабарланган.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

М.С. Казакпаев ТКЖга жайгаштырылгандан тартып УКМК  аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, тиешелүү дарылоодон өткөрүлүп турган.

19-апрель күнү көзүнүн көрүүсүнүн начарлашы боюнча арызынан улам врач окулисттин кароосунан өтүп, оң көздү УЗИден текшерүү сунушталып, жыйынтыгында “Оң көздүн жарым-жартылай гемофтальмиясы, эки көзүнүн жогорку миопиясы” деген диагноз коюлган.

27-апрель күнү 19-майына чейин Марат Казакпаев Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган.

16-май күнү “ОФТАМЕД” жеке клиникасында сол көздүн торчосунун лазердик тосмосу жасалган.

№1 көз микрохирургиясында стационардык дарылоо учурунда Марат Казакпаев Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын кардиологу тарабынан текшерилип, жыйынтыгында “III даражадагы Гипертония оорусу, мээ тамырларынын атеросклерозу,” деген диагноз коюлган жана М.Миррахимов атындагы Кардиология борборунда кароодон өтүү сунушталган.

25-май күнү Марат Казакпаев М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.

Бүгүнкү күнгө чейин Марат Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарыгерлер тарабынан сунушталган дары-дармектерди алып, ден-соолугунун абалы канааттандырарлык болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>