УКМК: Ош ЖЭБинде ири коррупциялык схема аныкталды

УКМК: Ош ЖЭБинде ири коррупциялык схема аныкталды

Ош шаарындагы Жылуулук электр борборунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык Жылуулук электр борборуна ири коммерциялык ишканалар мыйзамсыз кошулуп, колдонуп келген.  Алардын көпчүлүгү мончо, спорт зал, медициналык жай жана көп кабаттуу үйлөр.  Алардан түшкөн акчалар Ош Жылуулук электр борборунун жетекчилеринин чөнтөгүнө кетип турган.

Учурда ушул сыяктуу башка фактыларды да аныктоо, келтирилген чыгымдын суммасын тактоо иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>