Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга чакыртылып, учурда ал сурак берип жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
«Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда», — деп билдирди маалымат кызматынан.
Тактап айтканда, бүгүн, 29-ноябрында Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакырылды.