Бажы кызматынын Аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте кальян үчүн аткезчилик жол менен тамекинин ири партиясын ташып келүүнү токтотушту.
Аткезчилик товар Өзбекстандан Кыргызстанга келе жаткан жүк ташуучу унаадан табылган.
«Сунушталган эсеп-фактурага ылайык, унаалар трикотаж кездемелерди ташыган. Бирок бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө түрк өндүрүшүнөн чыккан Serbetli кальян тамекиси табылган. Жүктүн жалпы салмагы 28 миң 848 килограммды түзгөн. Алдын ала чыгым 40 миллион сомдон ашык», — деп түшүндүрөт Бажы кызматы.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Башка декларацияланбаган товарларды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.