Террордук иш-аракеттерди аткаруу учун өлкө аймагына келген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсузудук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 25 жаштагы Кыргызстандын жараны 2016-жылдан бери “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн.
Ал Эл аралык террордук уюмдун лагеринен атайы диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп, башчысынын тапшырмасы боюнча Кыргызстандын аймагына келген.
Кармалган адам Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.