УКМК Токмок шаарынын мэри жана дагы эки жетекчи кармалганын маалымдады

УКМК Токмок шаарынын мэри жана дагы эки жетекчи кармалганын маалымдады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Токмок шаарынын мэри шаардагы сейил бактын сапатсыз курулгандыгына байланыштуу кармалганын маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 24-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарына барып, сейил бактын абалы менен таанышкан. Буга соцтармактардагы шаардын тургундарынын сейил бактын сапатсыз курулуп жатканы жана спорт мектебиндеги капиталдык оңдоо иштери бир жылдан ашык убакыт бою бүтпөй жаткандыгы боюнча нааразычылыктары, бийликке кайрылуулары себеп болгон.

Ташиев жеринде жаңы курулган сейил бак чындыгында сапатсыз экендигин белгилеп, тийиштүү жетекчилерди катуу сынга алган.

Андан кийин ал Токмок шаардык мэриясында Чүй облусуна караштуу жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары менен жыйын өткөрүп, нааразычылыкты жараткан сейил бактын курулушу боюнча маселе көтөргөн.

«Анда эс алуу жайына тендердин негизинде 44 млн каралып, бакты куруучу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсына 42 миллиону өткөрүлүп берилгени айтылды. Деген менен иш жүзүндө эс алуу жайына аталган каражаттар толук жумшалбай, бакты курууга кайдыгерлик менен мамиле жасалган. Мындан улам, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени үчүн Токмок шаарынын мэри Н.М.О., Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у.А. жана эс алуу багын курууга жооптуу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсынын аткаруучу директору К.Т.Э. УКМК төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда камакка алынды»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев Чүй облусундагы ар бир район, шаар, айыл башчыларына 10 күн аралыгында, облустун ар бир жеринде жашылдандыруу иштерин жүргүзүү талабын коюп, аткарылган иштерди өзү көзөмөлдөрүн билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>