Украина доллардан баш тартып, еврого өтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Украина доллардан баш тартып, еврого өтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Украина улуттук валютасын (гривень) АКШ долларына байлоодон баш тартып, евро менен байланыштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу Украинанын Улуттук банкынын төрагасы Андрей Пышный Reuters агенттигине билдирген.

Анын айтымында, мындай кадамдар дүйнөлүк сооданын бөлүнүшү жана Украинанын Европа менен болгон мамилесинин бекемделиши шартында талкууланып жатат.

Андрей Пышный Европа Биримдигине потенциалдуу кошулуу, «ЕБдин биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү камсыздоодогу ролунун күчөшү, дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздук жана дүйнөлүк сооданын бөлүнүп кетүү ыктымалдыгы» Улуттук банкты украин гривнасынын негизги валютасы катары долларды эмес, еврону тандоо маселесин кайрадан карап чыгууга түртүп жатканын билдирген.

«Бул иш татаал жана ар тараптуу, сапаттуу даярдыкты талап кылат», — деп кошумчалаган ал.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>