Украиналык авиалайнер иран ракетасы тарабынан атып түшүрүлгөнү болжолдонууда

Украиналык авиалайнер иран ракетасы тарабынан атып түшүрүлгөнү болжолдонууда

8-январда Тегеранда кулаган украиналык авиалайнер “жер-аба” классындагы иран ракетасы менен атып түшүрүлгөнү тууралуу көз карандысыз булактардан алынган маалымат бар. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо билдирди

Трюдо авиалайнер кокустан атып түшүрүлгөн болушу ыктымал экенин айтты.

«Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык учак 8-январда таңга маал Ирандын борбору Тегерандан Киевди көздөй учуп чыгары менен эле кырсыкка кабылган. Борттогу 176 кишинин баары мерт болгон. Өлгөндөрдүн арасында 63 Канада жараны бар. Алардын көбү университет менен колледждердин студенттери менен мугалимдери болгон.

Трюдо бул окуяны өтө кылдат иликтөө зарыл экенин кошумчалады.

Буга чейин америкалык басылмалар АКШ өкмөтүндөгү көз карандысыз булактарга таянуу менен учак иран ракетасы тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөнүн жазышкан. Өз кезегинде Иран жарандык авиациясы бул маалыматты “абсурд” деп атаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>