Украинанын Ички иштер министри Денис Монастырский каза болду

Украинанын Ички иштер министри Денис Монастырский каза болду

Киевдин жанындагы Бровары шаарында тик учактын кыйрашынан Украинанын Ички иштер министри Денис Монастырский каза болду.

Учакта анын биринчи орун басары Евгений Йенин менен мамлекеттик катчы да болгонун Украинанын Улуттук полициясынын башчысы билдирди. Тик учак бала бакчанын жанына кулап түшкөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, тик учактын бортунда 14 киши набыт болгону белгилүү болду. Жер бетинде каза болгондордун арасында балдар да бар.

Кошумчалай кетсек, кырсыктын кесепетинен 20дан ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын жарымы жаш балдар.

Жогорку Рада 2021-жылдын 16-июлунда Денис Монастырскийди ички иштер министри кылып дайындоо үчүн добуш берген. Ал 42 жашта болчу. Монастырский үйлөнгөн. Эки баласы бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>