Улуттук банк 23-мартка карата валюталардын расмий курсун жаңылады. Жарыяланган маалыматтарга караганда, сом бардык негизги валюталарга карата бекемделди.
Алсак, орус рубли башкаларга караганда көбүрөөк төмөндөп, бир күндө сомго карата 10,63%га арзандап, 0,9241 сомго чейин төмөндөдү. Андан кийин евро 3,47%га (109,9322 сомго чейин) жана теңге 3,04%га (0,1976 сомго чейин) төмөндөдү. Сом долларга карата 2,93%га гана бекемделип, 99,8748 сомду түздү.