Улуттук банк алдамчылыктын жаңы схемасы пайда болгонун билдирди

Улуттук банк алдамчылыктын жаңы схемасы пайда болгонун билдирди

Улуттук банк алдамчылыктын жаңы схемасы пайда болгонун эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.

Маалыматта айтылгандай, белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, мессенжерлер аркылуу жарандарга алардын атына Орусиядан акча которулгандыгын билдирип, бирок ал акчаларды алуу үчүн комиссиялык төлөм төлөө керек деген билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.

Улуттук банк мессенжерлерге келген бул билдирүүлөр алдамчылык экендигин маалымдады.

«Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт. Акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт. Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз»,- деп билдирди мекеме.

Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын номери: 0 (312) 61-04-86.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>