Улуттук банк банктардын капиталына болгон талапты 5 эсеге жогорулатууну көздөөдө

10.12.2025 | 16:32

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын каржылык туруктуулугуна болгон талаптарды кескин жогорулатуу жөнүндө токтом долбоорун талкууга чыгарды. Ага ылайык, өлкөнүн бардык банктары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү этап-этабы менен 5 миллиард сомго, ал эми системалуу мааниге ээ банктар үчүн 8 миллиард сомго чейин жогорулайт.


Эгер долбоор кабыл алынса, жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жаңы банктар үчүн — дароо 5 миллиард

Рыноктогу жаңы оюнчуларга эң катаал талаптар коюлууда. Жаңы түзүлүп жаткан бардык коммерциялык банктар үчүн (чет элдик банктардын филиалдарын кошо алганда) рынокко кирүүнүн минималдуу босогосу эми 5 миллиард сомду түзөт.

Банк ачууга өтүнүч берип, бирок лицензия ала электер да капиталды жаңы талаптарга ылайык түзүүгө мажбур болушат.

Иштеп жаткан банктар үчүн — 2030-жылга чейинки «тепкич»

Рынокто иштеп жаткан банктарга капиталды толуктоого убакыт берилди. Улуттук банк талаптарды жыл сайын жогорулатуунун графигин бекитти. Эгер азыр (эски нормалар боюнча) минимум 600 млн сомду түзсө (2026-жылга карата 1 млрд сомго жеткирүү планы менен), эми чек кыйла жогору көтөрүлдү:

  • 2026-жылдын 1-июлунан тартып — 1 млрд сом;
  • 2027-жылдын 1-июлунан тартып — 2 млрд сом;
  • 2028-жылдын 1-июлунан тартып — 3 млрд сом;
  • 2029-жылдын 1-июлунан тартып — 4 млрд сом;
  • 2030-жылдын 1-июлунан тартып — 5 млрд сом.

Банк-гиганттар үчүн — 8 миллиард

Өлкөнүн экономикасы алардын туруктуулугуна көз каранды болгон ири каржы мекемелери — системалуу мааниге ээ банктар үчүн өзгөчө шарттар киргизилүүдө. Алар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 8 миллиард сом деңгээлинде белгиленди. Бул сумманы алар 2026-жылдын 1-июлуна чейин камсыз кылышы керек.

Эгер кайсы бир банк келечекте системалуу мааниге ээ макамын алса, Улуттук банктан билдирүү келген учурдан тартып капиталын 8 млрд сомго жеткирүүгө туура бир жыл убакыт берилет.

Ким даяр, ал эми ким шашылышы керек?

Банктардын 2025-жылдын октябрь-ноябрь айлары үчүн каржылык отчеттуулугуна талдоо жүргүзүү көрсөткөндөй, банк сектору 2030-жылдын талаптарына да даяр болгон лидерлерге жана жакынкы жарым жылда шашылыш каражат издөөгө мажбур боло тургандарга бөлүнүп калды.

Биринчи чекке жетпей тургандар

Жаңы эрежелерге ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата бардык банктардын капиталы кеминде 1 миллиард сом болушу керек. Учурда тизмедеги үч банк бул чекке жетпей турат:

  • «Бай-Түшүм» банкы ААК — 800 млн сом.
  • ФинансКредитБанк ААК — 861 млн сом.
  • «Толубай» АКБ ЖАК — 934 млн сом.

Бул каржы мекемелери лицензиясынан айрылып калбоо үчүн кыска мөөнөттө кошумча каражат табышы зарыл.

Дагы үч банк туура 1 млрд сом чегинде турат («КБ КСБ» ЖАК, «ЭкоИсламикБанк» ЖАК, «Банк Компаньон» ЖАК), бул алардан «коопсуздук жаздыгын» мындан ары да көбөйтүүнү талап кылат.

Келечекке даяр болгондор

2030-жылдын талабын (5 млрд сом) 7 банк аткарып койду. Талашсыз лидер — 76 млрд сомдук эбегейсиз капиталы бар мамлекеттик «Элдик Банк».

5 млрд чегинен өткөн «миллиардерлер клубуна» төмөнкүлөр кирет:

  • «Айыл Банк» ААК (19,8 млрд);
  • «Мбанк» ААК (13,5 млрд);
  • «Бакай Банк» ААК (10 млрд);
  • «Керемет Банк» ААК (8,7 млрд);
  • «ДКИБ» ЖАК (DemirBank) (6 млрд);
  • «Оптима Банк» ААК (5,6 млрд).

Системалуу мааниге ээ банктар маселеси

Эгер Улуттук банк банкты системалуу мааниге ээ деп тааныса, анын капиталы 2026-жылдын июлуна карата 8 млрд сом болушу шарт.

Бул жагынан алганда «Оптима Банк» (5,6 млрд) жана «ДКИБ» (6 млрд) сыяктуу ири оюнчулар оор абалда калышы мүмкүн. Эгер алар системалуу мааниге ээ банктардын тизмесине кирсе, жакынкы арада капиталын 2-2,5 млрд сомго толуктоого туура келет.

Кожоюндун алмашуусу — капиталды толуктоого себеп

Токтом биригүү жана жутуп алуу (поглощение) боюнча келишимдерди да жөнгө салат. Эгер инвестор иштеп жаткан банктын 100% акциясын сатып алса, ал бир жылдын ичинде капиталды белгиленген максимумга (кадимки банктар үчүн 5 млрд же системалуу мааниге ээ банктар үчүн 8 млрд) жеткирүүгө милдеттүү.

Бул чечим 2023-жылдын мартындагы мурунку токтомду жокко чыгарат жана банк секторун ирилештирүүгө, анын ишенимдүүлүгүн жана экономикадагы ири долбоорлорду насыялоо жөндөмүн арттырууга багытталган.

Scroll to Top