Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 23,4 миллион долларды сатыкка чыгарды.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кадамга акыркы күндөрү доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткени себеп болгон.
17-ноябрь саат 08:18ге карата доллардын расмий курсу 84.8 сомго бааланууда.
Улуттук банк 12-ноябрда валюта рыногуна 26,8 млн доллар саткан. Жалпысынан бул жылы Улуттук банк 17 жолу интервенция жасады.