Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргизди

Улуттук банк исламдык принциптер боюнча иштеген банктар менен микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуучу бир катар ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтом 8-октябрында кабыл алынган.
Мекеменин маалыматында, бул токтомдун максаты – Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан колдонулушу мүмкүн болгон ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдердин тизмегин кеңейтүү.
Жаңы жободо «вакала биль-истисмар келишими» каралган. Бул келишим пайда алуу максатында принципалдын каражаттарын тескөөнү агентке тапшырган макулдашуу болуп саналат. Келишим акы төлөнүүчү же акысыз негизде түзүлүшү мүмкүн. Ошондой эле банк агент катары да, принципал катары да иш алып бара алат.
Документте кирешени тең салмактоо үчүн резервдерди түзүүнүн эрежелери, кирешени бөлүштүрүүнүн шарттары жана чыгымдар болгон учурда компенсация төлөө тартиби белгиленген. Бардык операциялар шариаттын талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө жана Шариат кеңеши тарабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш.