Бүгүн кечинде саат 21:00 чамасында Улуттук госпиталда милиция кызматкери дарыгерге кол көтөрдү деген маалымат тарады. Бул тууралуу ак халатчандардын бири өзүнүн кесиптешине таянып билдирди.
Анын айтымында, милиционер колго түшкөн адамды медициналык кароого алып келген. Бирок, багыттама №4 шаардыкооруканага берилгени менен, ал Улуттук госпиталга келип калган. Нөөмөттөгү дарыгер туура багыттама талап кылганда, милиционер кагаздагы жазууну өчүрүп, дарыгерден кабыл алууну талап кылган. Ошол себептен физикалык кол салган деп айтылууда.
Дарыгердин жаракаты тууралуу маалымат азырынча расмий тастыктала элек. Шаардык милиция окуя боюнча Бишкектин Биринчи май РИИБинде каттоо жүргүзүлүп, териштирүү иштери башталганын кабарлап, окуя болгон жерде милиция кызматкерлери болгон эмес деген маалыматты бөлүштү.