Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев кармалды (видео)

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев кармалды (видео)

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери М.Т.И. (Токтобай Маанаев) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, кылмыш иштин алкагында аталган М.Т.И. ар кандай коррупциялык схемаларды түзгөнү аныкталган (үзгүлтүксүз опузалоо, тендер өткөрүүдө акчаны кайтарып алуу, байланышы бар жеткирүүчүлөрдөн жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуулар, дары-дармектерди жасалма эсептен чыгаруу).

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча 20дан ашык фактылар катталган. М.Т.И практикалык дарыгер болуп туруп, жеке кызыкчылыгын көздөп, бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага акча которууга мыйзамсыз мажбурлап, ошондой эле бир жолку реквизицияларды жүргүзгөн», — деп билдирет УКМК.

Улуттук госпиталь өлкө аймагындагы эң ири медициналык мекеме болуп, анын жылдык бюджети донордук жана гранттык каражаттарды кошпогондо 700 млн сомдон ашат.

«Анын ичинен 370 миллион сому дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды (дарылар, протездер, рентген/ультра үн аппараттары) сатып алууга, ошондой эле учурдагы керектөөлөргө жумшалат. Ошентип, текшерүү мамлекетке 40 млн сомдон ашкан зыянды аныктады», — деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан башка коррупциялык фактыларды, ошондой эле жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>