Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан Көк бөрү оюнунун алгачкы беттештери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Репортер агенттигини кабарчысы жеринен кабарлады.
16-сентябрга белгиленген оюндарда Ош облусу менен Нарын облусу бет келип, Нарындын улакчылары Оштун улакчыларына 12:0 эсебинде жеңилип калышты.
Ал эми Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунун командаларынын ортосундагы беттеште Бишкектин улакчылары 5:4 эсеби менен Ысык-Көлдүн улакчыларын жеңип алышты.
Бүгүнкү күнгө белгиленген Чүй облусу менен Баткен облусунун беттеши караңгы киргендигине байланыштуу аягына чыккан жок.
Автор: Аскарбек Сүйүнали уулу