Улуттук спорттун мыктылары тандалды: «Аргымак» 2025-жылдын федерациясы аталды

«Аргымак» федерациясы 2025-жылдын эң мыкты федерациясы деп табылды. Бул Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы чыгарган жыл жыйынтыгында белгилүү болду.
“Биздин «Аргымак» федерациясы жыл ичинде 21 ат чабыш мелдешин өткөрдү, анын ичинде 5 негизги мамлекеттик мелдеш бар. Мелдештердин сапаттуу өтүшү, багыттын өнүгүүсү жана улуттук спортко кошкон салымы абдан жогору бааланды”,- деп айтылат маалыматта.
Дирекциянын курамына улуттук спорттун 13 федерациясы кирет. Жылдын мыктысы ар бир федерациянын 2025-жылы жасаган иш-аракеттерине, жыйынтыктоочу баалоого, добуш берүүгө, активдүүлүгүнө жана жетишкендиктерине жараша аныкталган.
Мындан тышкары 2025-жылдын эң мыкты ат ээлик кылуучулары, эң мыкты машыктыруучулар жана эң мыкты чабандестер жана федерация өкүлдөрү аныкталган.