«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөт

16.10.2025 | 16:26

Чүй кыргыз-орус археологиялык экспедициясы 17–25-октябрь күндөрү Чүй облусунун Кемин районунда казуу иштерин жүргүзөт. Экспедиция Орусиядагы Алтай мамлекеттик университетинин «Улуу Алтай» алтаистикалык жана түркологиялык илимий-окутуу борбору менен биргеликте уюштурулган. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордун окумуштуулары алгачкы жолу Кыргызстандын аймагында казуу иштерин жүргүзүшөт. Экспедициянын ишине Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана аспиранттары катышат.

Ал эми иш-чараны уюштурууга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых илимдеринин кандидаттары Темирлан Чаргынов жана Орозбек Солтобаев баштаган адистер, ошондой эле «Улуу Алтай» алтаистикалык жана түркологиялык илимий-окутуу борборунун өкүлдөрү: Алексей Тишкин, Вадим Горбунов жана Сергей Бондаренко катышууда.

Экспедициянын негизги максаты — Чүй өрөөнү менен чектеш тоолуу аймактарда жашаган көчмөндөрдүн маданиятын изилдөө, өзгөчө түрк дооруна таандык көмүү жана эскерүү объекттерин аныктоо болуп саналат.

Scroll to Top