Site icon Reporter.kg

Улуу Британияда улуттук аза күтүү жарыяланды, ал 10 күнгө уланат 

Британиянын ханышасы Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Sky News кабарлады.

Буга чейин Букингем сарайы өлкөнү 70 жылдан ашык башкарган Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында Шотландияда каза болгонун билдирген.

«Улуттук аза күтүү мезгили башталды жана ханышанын өлүмүнөн 10 күндөн кийин өткөрүлүшү күтүлүп жаткан акыркы сапарга узатуу зыйнатына чейин уланат», — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version