Site icon Reporter.kg

Умбриэль Темиралиев жаңы кызматка дайындалды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин мурдагы жетекчиси Умбриэль Темиралиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, 7-сентябрда Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулган. Ал аталган кызматты 2022-жылдын 26-сентябрынан бери жетектеди.

Ал эми буга чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы болгон Алмамбет Шыкмаматов 5-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчилигине дайындалган.

Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка дайындалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version